Маалыматта жазылгандай, кичи автобустардын саны күндүн кескин суукташына жана жүргүнчүлөрдүн санынын көбөйүшүнө байланыштуу көбөйтүлгөн.

"Күн сайын шаардыктар коомдук транспорттун аралыгынын узактыгына жана кичи автобустардын токтобогондугуна арызданып келишет.

Борбор шаардын транспорт ишканаларынын жетекчилерине маршруттук каттамдардын бирдиктерин көбөйтүү же автобустардын каттамдарын узартуу боюнча сунуш киргизүү тапшырылды", - деп айтылат мэриянын маалыматында.

Эскертүү: Коомдук транспорттун айдоочуларынын мыйзам бузуулары жана башка маселелер боюнча шаардык транспорт башкармалыгынын ишеним телефонуна кайрылса болот: 0 (312) 53-36-48.