Садыр Жапаров өлкөлөр ортосундагы достукту чыңдоого кошкон олуттуу салымы үчүн Казакстандын жарандарын сыйлады





Бүгүн, 7-октябрда президент Садыр Жапаров "Отандастар фонду" коммерциялык эмес акционердик коомунун президенти Нуртай Абыкаев менен Казакстандын президентинин өлкө парламентиндеги өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Бейбит Исабаевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.
Мамлекет башчысы канааттануу менен белгилегендей, эки өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына байланыштуу бүгүн Бишкек шаарында Казакстандын маданият күндөрү өтүүдө.
Ал эки боордош элди жалпы тарых жана салттар бириктирип турарын, ал эми Бейбит Исабаев менен Нуртай Абыкаев өлкөлөр ортосундагы толук масштабдуу байланыштарды кеңейтүүгө жана бекемдөөгө чоң салым кошконун белгиледи.
Садыр Жапаров Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин Кыргыз-Казак элдеринин ортосундагы бекем достуктун калыптанышына баа жеткис салым кошкон өзгөчө ролуна токтолду.
Ошондой эле ал өлкөлөр ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн курсун улантып жаткан Казакстандын азыркы президенти Касым-Жомарт Токаевдин ролун да белгиледи.
Садыр Жапаров Кыргыз мамлекети өз тарабынан Казакстан менен кызматташуунун бардык спектрин тереңдетүү жана кеңейтүү боюнча мурда алган багытын уланта берерине ишендирди.
Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы достукту жана кызматташтыкты чыңдоого кошкон олуттуу салымы үчүн, ошондой эле эки өлкөнүн көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына байланыштуу Нуртай Абыкаев "Достук" ордени, ал эми Бейбит Исабаев "Даңк" медалы менен сыйланды.
Мамлекет башчысы сыйлык ээлерин куттуктап, аларга бекем ден соолук жана иштерине ийгиликтерди каалады.
Нуртай Абыкаев жана Бейбит Исабаев жогорку сыйлыктар үчүн ыраазычылык билдиришип, казак тарап эки боордош өлкөлөр ортосундагы жемиштүү кызматташтыкты улантууга кызыкдар экенин белгилешти.


