super.kg logo

Министрлер кабинети "Айыл Банкка" айыл чарба техникасын лизингге берүү үчүн 426 миллион 600 миң сом бөлдү

 

Азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана товар өндүрүүчүлөрдү айыл чарба жана башка техника менен камсыздоодо мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында "Айыл Банк" ачык акционердик коомуна өзүнчө насыялык линия ачуу үчүн 426 миллион 600 миң сом бөлүндү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгон.

Экономика жана финансы министрлигине белгиленген тартипте өзүнчө насыялык линия ачуу жана айыл чарба, кайра иштетүүчү техниканы, тамчылатып сугаруу үчүн жаадырып сугаруучу машиналарды лизингге берүү үчүн “Айыл Банк” ачык акционердик коомуна Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кайтарым эсептеринде топтолгон 426 миллион 677 миң 758 сом өлчөмүндөгү буга чейин берилген гранттар жана кредиттер боюнча финансы каражаттарын берүүсү тапшырылды.

"Айыл Банк" ачык акционердик коомуна чарба жүргүзүүчү субъекттерге айыл чарба, кайра иштетүүчү техниканы, тамчылатып сугаруу үчүн жаадырып сугаруучу машиналарды жана жабдууларды төмөнкүдөй шарттарда лизингге берүү сунушталды:

1) лизингдин мөөнөтү – 10 жылга чейин;

2) пайыздык ставка – жылдык 4,5 пайыз;

3) баштапкы салымдын өлчөмү – лизингдин предметинин акчалай түрдөгү наркынын 10 пайызынан кем эмес;

4) күрөөлүк камсыздоо (лизингдин предмети);

5) карызды төлөө графиги бузулган учурда ар бир мөөнөтү өткөн күн үчүн мөөнөтү өткөн төлөмдүн суммасынын 0,01 пайыз өлчөмүндө насыянын негизги суммасынан ашпаган эсептөө жүргүзүлөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: