super.kg logo

Япониянын элчиси Кыргыз Республикасына инвестиция тартуу, ишкерчилик жаатта тажрыйба алмашуу боюнча кызматташтыкты өнүктүрүү керектигин айтты

 

Бүгүн, 7-октябрда Жогорку Кеңештин Япония менен кызматташтык боюнча депутаттык достук тобунун жетекчиси Нурбек Тотонов Япониянын Кыргыз мамлекетиндеги атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Сигэки Маэда менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Алгач депутат Нурбек Тотонов Кыргыз өлкөсү Япония менен ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин белгилеп, алакаларды арттырууда парламенттердин ролу жогору экенин кошумчалады.

Ошондой эле Япония мамлекети Кыргыз мамлекетинде бир катар долбоорлорду ишке ашырып жатканына токтолуп, анын ичинен маданият жана билим берүү жаатындагы байланыштар жигердүү уланып жатканын билдирди.

Өз кезегинде Сигэки Маэда пандемия мамлекеттер аралык алакаларга терс таасир тийгизгенин өкүнүч менен белгилеп, элчилик ишмердүүлүгүнүн алкагында ар тараптуу алакаларды арттырууга күч жумшай берерин кошумчалады.

Муну менен катар элчи Кыргыз Республикасына инвестиция тартуу, ишкерчилик жаатта тажрыйба алмашуу, айрыкча жеке бизнес чөйрөсү менен кызматташтыкты өнүктүрүү керектигин билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: