"Ош базарынын" аймагындагы баш аламан соода-сатыкты жоюу үчүн рейд жүрдү






"Ош базарынын" аймагындагы баш аламан соода-сатыкты жоюу үчүн рейд жүрдү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Айрым соодагерлер базардын ичинде соода орундары турса да, сыртында соода кылып келишет. Бүгүнкү күндө "Ош базарында" болжол менен 450-470 баш аламан соода менен алектенген соодагерлер бар, ал эми "Ош базары" соода оюн-зоок комплексинде 695тен ашык бош соода орундары бар. Бардык чарбалык субъектилер соодагерлер үчүн орун берүүгө даяр.
Баш аламан сооданы жоюу үчүн мобилдик топ "Ош базары" соода оюн-зоок комплексинин аймагында рейд жүргүздү. Чүй проспектиси, Киев, Токтогул, Кулиев, Бейшеналиева көчөлөрүнүн боюндагы сатуучулар баш аламан соода жерлерин таштап кетишти.
Рейддин жыйынтыгы боюнча, 75тен ашык ар кандай конструкциялар - чатыр, стол, отургуч, манекен, коляска алынды.
Ошондой эле соодагерлер менен базардын белгиленген чегинен тышкары коммерциялык ишмердүүлүктү ишке ашырууга жол бербөө тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Рейддик иш-чаралар муниципалдык администрация тарабынан үзгүлтүксүз жүргүзүлүп келет", - деп жазылат маалыматта.




1 |