Парламентте этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктерди камтыган мыйзам долбоору каралды
Парламентте этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктерди камтыган мыйзам долбоору каралды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.
Мыйзам долбооруна ылайык, сунушталып жаткан “кайрылмандын ырастамасы” кайрылман деп таанылган адамдын инсандыгын ырастаган жана бул адамды Кыргыз Республикасынын аймагында турган жери боюнча калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык органдарында каттоо үчүн негиз болуп берген документ болуп эсептелет.
Мыйзам долбоорунун демилгечилери Чынара Урумкалиева, Абдывахап Нурбаев, Бейшенаалы Нурдинов, Кожобек Рыспаев, Аккулу Бердиев, Шайлообек Атазов, Аида Касымалиева Иса Өмүркулов, Евгения Строкова, Наталья Никитенко, Осмон Турдумамбетов, Уланбек Исмаилов, Гүлкан Молдобекова, Асылбек Жээнбеков жана Алтынбек Жунус уулу тарабынан демилгеленген


