Жогорку Кеңеште мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүгө багытталган мыйзам долбоору биринчи окууда колдоо тапты
Жогорку Кеңеште мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүгө багытталган мыйзам долбоору биринчи окууда колдоо тапты.
Мыйзам долбоору боюнча баяндама жасаган инвестициялар министринин орун басары Нурадил Баясовдун айтымында, аталган мыйзам долбоору мамлекеттик ишканаларды түзүмдөштүрүү жана аларды менчиктештирүү жеке башкаруучуларга өткөрүп берүү жолу менен мамлекеттик активдерди колдонуунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча милдеттерди камтыйт.
Министрлер кабинетинин алдында мамлекеттик менчик түзүмдү, анын ичинде атаандаштыктын курчоосунда иштеп жаткан коммерциялык багыттагы ири компанияларды, акциялардын мамлекеттик пакетин жана үлүшүн менчиктештирүү маселеси каралууда.
Бирок түз мамлекеттик функцияларды аткарган жана калкка социалдык-маанилүү кызматтарын көрсөткөн, мамлекеттин менчигинде турган социалдык объекттерге карата менчиктештирүү маселеси каралбайт.


