super.kg logo

Роза Рымбаева, Алтынбек Корозбаев катышты. Казакстандын Кыргыз өлкөсүндөгү маданият күндөрү расмий ачылды (сүрөт)

 

Казакстан Республикасынын Кыргыз өлкөсүндөгү маданият күндөрү расмий ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, иш-чара Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өттү. Гала-концерт алкагында эки өлкөнүн маданият чеберлери өнөрлөрүн көрсөтүштү.

Алардын ичинде СССРдин Эл артисти Алибек Днишев, Казакстандын Эл артисти жана Казакстандын Эмгектин баатыры Роза Рымбаева, Казакстандын Эл артисттери Алтынбек Корозбаев, Макпал Жунусова жана Нуржамал Усенбаева, Абай атындагы казак мамлекеттик академиялык опера жана балет театры, Казакстандын Курмангазы атындагы казак улуттук эл аспаптары оркестри, «Астана балет» театры, домбрачылар ансамбли, «Арлан» улуттук салттар театры, «Туран» фолклордук-этнографиялык ансамбли, «МузАрт» эстрадалык тобу, ошондой эле Казакстандын башка көрүнүктүү маданият ишмерлери бар.

Белгилей кетсек, маданий иш-чара 9-октябрга чейин уланат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: