Шереметьево аэропортундагы окуя: Кыргыз жарандары чек арадан өтүштү
Шереметьево эл аралык аэропортунан чыга албай калган Кыргыз жарандары чек арадан өтүштү. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 6-октябрда Кыргыз өлкөсүнөн Шереметьево эл аралык аэропортуна учкан бардык Кыргыз жарандары чек ара пунктунан өтүшкөн. 7-октябрдагы каттамдан бир адамдан башка жарандар чек араны кесип өтүшкөн, себеби ал кишиге Орусияга кирүүгө тыюу салынганы билинген.
"Чет өлкөлүк жарандардын Орусияга келүүсүнө карата күчөтүлгөн текшерүү чаралары башка чет мамлекеттердин жарандарына дагы жүргүзүлүп жатат", - деп жазылган маалыматта.
Буга чейин Москвага Кыргыз өлкөсүнөн учуп барган 300дөй Кыргыз жараны Шереметьево аэропортунан чыга албай жатышканы тууралуу маалымдалган.


