super.kg logo

Баткен: Тажик тараптын кол салуусунан жабыркагандар бир катар салыктардан бошотулду

 

Апрель айындагы Тажикстандын күтүүсүздөн кол салышынан жабыркаган Баткен облусунун тургундары бир катар салыктардан бошотулду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан маалымдашты.

"Баткен облусундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында орун алган окуялар "Ал жеткис күчтүн жагдайлары" аныктамасына дал келүүчү өзгөчө жагдайлар деп таанылды", - деп билдиришти маалымат кызматынан.

Чечимге ылайык, 2021-жылдын 1-апрелинен 31-декабрга чейинки мөөнөттө Баткен облусундагы окуялардын кесепетинен жабыркаган ишкерлердин тизимине киргизилген салык төлөөчүлөр (кенди кайра иштетүүчү, кен казуучу жана акциздик товарларды чыгаруучу ишканалардан, мунай продуктуларын сатуучу субъектилерден тышкары) төмөнкү салыктарды төлөөдөн бошотулду:

- киреше салыгы;

- пайда салыгы;

- кошумча нарк салыгы (импортко карата кошумча нарк салыгынан тышкары);

- сатуу салыгы;

- милдеттүү патенттин негизиндеги салык;

- ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык;

- бирдиктүү салык.

"Көрсөтүлгөн салык төлөөчүлөр ал жеткис күчтүн жагдайларынын кесепетинен 2021-жылдын 1-апрелинен 30-сентябрына чейинки мезгилде пайда болгон салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарынын суммасы боюнча мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө жөнүндө арызды салык органына берүүгө укуктуу", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: