Диктор деп ойлойсуз. Алмаз Мамбетов Ош шаарынын фирмалык стилин иштеп чыгуу үчүн сынак жарыялады

Сынактын шарттары:
1. Сынакка Кыргыз Республикасынын резиденттери жана резиденттери болбогон юридикалык жана жеке жактар катышууга укуктуу.
2. Жашы чектелбейт.
3. Даяр болгон иштерди берүүнүн акыркы мөөнөтү 1-ноябрь күнү, саат 18:00гө чейин.
4. Визуалдаштыруу конкурсуна катышуу үчүн жиберилген иштер JPEG форматында болушу керек.
5. Oш брендин визуалдаштыруу боюнча сунуштар чексиз болушу мүмкүн. Сынактын бир нече катышуучулары бир эле эскиздерди жөнөткөн учурда, жеңүүчү төмөндөгү электрондук дарекке келип түшкөн күнү жана убактысы боюнча аныкталат.
6. Техникалык тапшырманы алуу үчүн сиз толук аты-жөнүңүздү, байланыш телефондорун жана "Техникалык тапшырма" деген жазууну камтыган суроо-талапты e-mail: maksatchaki@mail.ru жөнөтүшүңүз керек.
7. Иштелип чыккан дизайн эскиздери толук аты-жөнү жана "Ош шаарынын бренди" белгиси менен e-mail'ге жөнөтүлүшү керек: maksatchaki@mail.ru
8. Сынакка жөнөтүлгөн иштер рецензияланбайт жана кайтарылбайт.
9. Жеңүүчүлөрдүн иштери, алар менен автордук келишим түзүлгөндөн кийин, Ош шаарынын мэриясынын менчиги болуп калат.
10. Жеңүүчүлөр өз иштерин комиссиянын талабы боюнча төмөнкү форматтарда тапшырышы керек: Corel Draw, JPEG, PDF.
11. Сынактын жеңүүчүлөрү төмөндөгүдөй сыйлыктарга ээ болушат:
1-орун 100 000 сом. 2-орун 50 000 сом
12. Конкурстун катышуучуларынан дизайн эскиздерин кабыл алуунун акыркы мөөнөтү 2021-жылдын 1-ноябры, саат 18:00гө чейин.
13. Сынактын жыйынтыгын чыгаруу 2021-жылдын 5-ноябрына чейин жүргүзүлөт.
14. Конкурстун шарттарына байланыштуу бардык суроолор боюнча, maksatchaki@mail.ru электрондук дарегине кайрылыңыз.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:02
2025-07-26

0:20
2025-07-26

Рейтинг:
2

Комментарийлер(1)
surgeon777

08.10.2021. 14:44
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат,жаныча ойлонгон жетекчи экен.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.