Индияда кыргыз тасмаларынын фестивалы болуп өттү






Индияда кыргыз тасмаларынын фестивалы ийгиликтүү өттү. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Индиядагы элчилигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, кинофестиваль 6-7-октябрда болуп өттү. Анын алкагында көрүүчүлөргө "Саманчынын жолу", "Курманжан Датка" жана "Дарак ыры" көркөм тасмалары көрсөтүлдү.
Кинофестивалдын ачылыш аземинде ардактуу коноктор катары элчилер, Нью-Делинин дипломатиялык корпусунун өкүлдөрү, маданий атташелер, киноиндустриянын өкүлдөрү, медиа чөйрөлөр болду.
"Куттуктоо сөзүндө Кыргыздын Индиядагы элчиси Асеин Исаев ата мекендик кинонун “кыргыз керемети” феномени Төлөмүш Океев, Болот Шамшиев, Геннадий Базаров жана башкалар сыяктуу режиссёрлордун аркасында пайда болгонун белгиледи. Ошондой эле «Ысык-Көлдүн кызгалдактары», «Эрте келген турналар», «Бөрү зындан» жана башка белгилүү фильмдерди тарткан советтик жана кыргыз киносунун көрүнүктүү режиссёру Болот Шамшиевдин 80 жылдыгын белгилөө тууралуу өзүнчө сөз болду.
Иш-чаранын жыйынтыгында индиялык көрүүчүлөрдүн кыргыз киносуна болгон терең кызыгуусу белгиленди", - деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары фестивалдын алкагында элчилик Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмөсүн уюштурду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:02
2025-07-26

0:20
2025-07-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.