super.kg logo

"Эки алтын, бир коло мыкты жетишкендик". Айсулуу Тыныбекова кыргыз элине ыраазычылык билдирди

 
Кыз-келиндер арасында күрөш боюнча Дүйнөнүн эки жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова кыргыз элине ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
"Ушуну менен кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча Дүйнө биринчилиги биз үчүн аяктады. Эки алтын, бир коло биздин командабыз үчүн мыкты жетишкендик.
Ал эми Кыргыз өлкөсүндөгүлөр мындан да көп медалдарга татыктуу! Алдыда дагы жеңиштерди алып келүү үчүн машыгууларды улантабыз.
Бул жеңиштерге жетүүдө эң маанилүү ролду ойногон жалпы машыктыруучуларыбызга жана командабызга терең ыраазычылык айтам.
Кыргыз элине жана жалпы күйөрмандарга колдооңуздар үчүн таазим этем", - деп жазып калтырган Тыныбекова.

5-октябрда Норвегиянын борбору Осло шаарында өткөн күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда Айсулуу Тыныбекова финалга чейин жетип, анда америкалык Кайла Коллина Кийок Чудо аттуу балбан кыз менен кез келди. Беттеш аяктарына 2 секунд калганда Айсулуу Тыныбекова атаандаштын артына дагы бир жолу өтүп 2 упай алып, эсеп санын 7:0 кылды.

Жыйынтыгында жалпы эсеп 7:0 болуп, Айсулуу Тыныбекова катары менен экинчи ирет Дүйнө чемпиону аталды.

Балбан 2019-жылы Нур-Султан шаарында өткөн Дүйнө чемпиондугунда алтын байге уткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(3)
08.10.2021. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Куттуу болсун
08.10.2021. 21:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамсынар кыздар ар дайым Кыргызстадын желегин желбиретип жүрө бергиле, дайым ийгилик коштосун.
09.10.2021. 03:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мээримдин улыбкасы жылмаюдан жарк этип асман деген ыр саптарын эстететго чиркин.Фото тарыхта калп турган сурот болуптур.Кыздар азаматсынар.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: