super.kg logo

"Эч кандай өзгөрүү болгон эмес". Бишкектин мэри таштанды полигонуна 10 жарым миллион евро сарпталганын айтты

 

Бишкектеги таштанды полигонун жөнгө салуу үчүн Европа өнүктүрүү банкынан 22 миллион евро бөлүнгөн. Бул тууралуу шаар мэри Айбек Жунушалииев маалымат жыйында айтты.

Анын айтымына ылайык, 22 миллион евронун 10 жарым миллион евросу сарпталган.

"Европа өнүктүрүү банкынан 22 миллион евро бөлүнгөн. Анын 10 жарым миллион евросу сарпталган. Өзүңүздөр көргөндөй, ал жакта көзгө көрүнөрлүк эч кандай өзгөрүү болгон эмес. Биз тендер өткөрүүнү, анын мыйзамдуулугу боюнча суроолорду көтөрдүк. Тендерди эстониялык компания утуп алган. Сайттан караганыбызда алар таштанды менен иштегенин көрө алган жокпуз. Ошого карабай тендерди утуп алышкан. Биз эстониялык компанияга так милдеттерин аткаруу үчүн билдирме жөнөттүк.

Бул жерде көптөгөн суроолор бар.

Бишкек мэриясы тийиштүү иштердердин аткарылышын ал компаниядан талап кылат", - деди Жунушалиев.

Маалымат үчүн:

Жаңы таштанды таштоочу полигонду куруу келишимине "Бишкек санитардык полигон" муниципалдык ишканасы менен эстониялык Ehitusfirma Rand Ja Tuulberg AS компаниясы 2017-жылы 28-мартта кол койгон. Ал эми келишимдин баасы 7 жарым миллион еврону түзгөн.

Белгилей кетсек, 2015-жылы "Европалык реконструкция жана өнүктүрүү банкы" тарабынан таштанды полигонуна 22 миллион евро бөлүнгөн, анын 11 миллион евросу грант, калганы насыя түрүндө келген.

Бишкек шаарындагы таштанды полигону 1970-жылдары эле пайда болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
08.10.2021. 17:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Таштандыны кайра иштетүүчү завод курса болбойбу?европа мамлекеттериндей же Япониядай,экология таза болот,жер эконом,энергия иштеп чыгат,21 кылым,болду эми келечекти ойлойлу,дагы деле полигон дей бербей
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: