super.kg logo

Жаңы жылдан кийин ӨКМнын кызматкерлеринин айлыгы көтөрүлөт

 

2022-жылдын 1-январынан тарта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлеринин айлык акысы көтөрүлөт. Бул тууралуу ӨКМнын Каржы башкармалыгынын башчысы Анара Нурмамбетова билдирди.

Анын айтымына ылайык, кызматкерлердин эмгек акысын көтөрүү маселеси министр Бообек Ажикеев тарабынан көтөрүлүп, өлкөнүн бюджетине киргизилди.

"2017-жылдан бери топтолуп келген жалпы 103 миллион сомдук карыздардан кутулуп, материалдык-техникалык базасын чыңдады. Өздүк курамды 18 миллион 500 миң сомго кийим-кече менен камсыздады. Мындан сырткары, Азия Өнүктүрүү Банкы тарабынан 8 миллион долларга 81 оор инженердик техникалар алынды.
Көп жылдардан бери төлөнбөй келе жаткан аскер кызматкерлеринин кийимдик мүлкүнө жана ижарага алынган батирлердин акысы төлөндү", - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: