Баткенде селден жабыркаган 75 жаранга турак жай үчүн жер берилди







Бүгүн, 8-октябрда Кадамжай районунун Бүргөндү айылынын Дюкр участкасында быйылкы жай айларында жаратылыш кырсыктарынан үйлөрү жабыркаган 75 жаранга турак жай салуу үчүн жер тилкеси бөлүнүп берилди. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, облус башчысы Абдикарим Алимбаевдин көзөмөлүнүн астында үч райондун элин бир участкага жайгаштырып, жаңы Ынтымак айылы түптөлө баштады.
"Турак жай салуу үчүн жер тилкесин алып жаткан 75 жаран Баткен районунун жана Лейлек районунун тургундары, жашаганга кооптуу делген аймактардан келишкен. ӨКМ кызматы тарабынан көчүрүү чечими чыккан. Жалпысынан Дюкр участкасында башкы планы даяр, бүгүнкү күндө 1500дөн ашык адамга турак жай үчүн жер берилген", - деп айтылат маалыматта.


