super.kg logo

АКШда полиция кызматкерлери тарабынан каза тапкан Кыргыз жаранынын аты-жөнү такталды

 

АКШнын Пенсильвания штатында полиция кызматкерлеринин ок чыгаруусунан улам каза тапкан адамдын аты-жөнү такталды.Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

"Кыргыз өлкөсүнүн АКШдагы элчилигине 1993-жылы туулган Кыргыз жараны М.Н.нын өлүмү тууралуу маалымат келип түшкөн. Алдын ала маалыматтар боюнча, 5-октябрда полиция кызматкерлери ага бир нече жолу ок чыгарган", - деп айтылат билдирүүдө.

Элчилик окуянын бардык жагдайларын түшүндүрүү өтүнүчү менен Мамлекеттик департаментке жана АКШнын Ички Коопсуздук Департаментине кат жолдогонун билдирди.

"Маркумдун жакындары сөөктү керектүү документтер толтурулган соң Кыргыз мамлекетине жөнөтүүнү пландап жатышат. Элчилик өз кезегинде маркумдун бир тууганы менен байланышта болуп, тиешелүү документтерди даярдоого мүмкүн болгон жардамын көрсөтүүдө".

Ошондой эле элчилик бул маселе министрликтин жана Кыргыз өлкөсүнүн АКШдагы элчилигинин өзгөчө көзөмөлүндө экендигин кошумчалады.

Эске салсак, бүгүн, 8-октябрда АКШнын Пенсильвания штатында 27 жаштагы Кыргыз жаранына полиция кызматкерлери тарабынан ок чыгарылганы, мындан улам анын каза тапканы тууралуу маалымат тараган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(7)
08.10.2021. 21:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
М.Т. С.К бул кандай түшүнүк. Алыскы чет элде каза болсо кандай түшүнсө болот
08.10.2021. 21:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Элчилик алдына нараазылык билдирүү керек
08.10.2021. 21:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
KUMKA,кантип нааразычылык билдиресин,ал жак Кыргызстан эмес да,мыйзамды сакташ керек,фураны угон кылыптыр.
08.10.2021. 21:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
жердин баары эле озубуздой эмес да. бизде иштебеген мыйзам ал жакта иштейт. ыйманы саламат болсун билип билбей кылган куноолорун кечир Алла
08.10.2021. 22:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул байкуш дагы жанына баткан учун айла жок ушул жолго бардыда ким эле олгусу гелсин консулдагылар уктап жатышат ушул баланын укугун коргоп акчасын ондуруп беришсе болмокда уй булосуно сабыр берсин аллахым
08.10.2021. 23:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Фура Шадиевдики эмес бекен?
09.10.2021. 18:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аты жону такталды деп кайра,М,Н деп жазып кой, молодец соз жок .
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: