super.kg logo

Садыр Жапаров Европа биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлүн кабыл алды

 

Бүгүн, 8-октябрда президент Садыр Жапаров Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Терхи Хакала баштаган делегацияны кабыл алды. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушууда мамлекет башчысы өлкөнүн тышкы саясатындагы маанилүү өнөктөшү болгон Европа Биримдиги менен көп жааттуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө Кыргыз мамлекети кызыкдар экенин билдирди.

Буга байланыштуу ал Брюсселге иш сапары менен барып, Европа Биримдигинин жетекчилиги менен күн тартибиндеги бардык маселелерди талкуулоону көздөгөнүн кошумчалады.

Садыр Жапаров кызматташуунун негизги багыттары катары соода-экономикалык байланыштарды, инвестицияларды жана каржылык-техникалык алакаларды белгиледи.

Тараптар 5-ноябрда Бишкекте мерчемделген Борбордук Азия - Европа Биримдигинин I экономикалык форумун Борбор Азия мамлекеттери жана ЕБ жетекчиликтери, бизнес жана каржы институттарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен жогорку деңгээлде өткөрүүнү макулдашышты.

Демократия, адам укуктары жана жарандык коом маселесине токтолгон мамлекет башчысы, өлкөдө аталган маселелерге жана сөз эркиндигине чоң көңүл буруларын, маалымат каражатынын өкүлдөрү айткан пикирлери үчүн куугунтукталбай, Кыргыз мамлекетинин демократиялык багытынан кайра кайтпай турганын баса белгиледи.

Президент Садыр Жапаров учурдан пайдаланып, Европа биримдигинин байкоочуларын өлкөдөгү алдыдагы парламенттик шайлоого байкоо жүргүзүүгө катышууга чакырып, европалык өнөктөштөр менен, анын ичинде ЕБнын Борбор Азиядагы жаңы стратегиясынын алкагында да активдүү диалогго даяр экенин билдирди.

Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Терхи Хакала Кыргызстан менен Европа биримдигинин эки жана көп тараптуу кызматташтыгы жогорку деңгээлде экенин айтып, Европа биримдигинин интенсивдүү өз ара аракеттенүүнү мындан ары улантууга даяр экенин белгиледи.

Ал Европа тарап ушул жылы Садыр Жапаров Европа биримдигинин келишин күтүп жатканын айтты.

Региондогу күн тартибине токтолгон Терхи Хакала Кыргыз өлкөсүнүн Ооганстанга гуманитардык жардам көрсөтүү демилгесин колдой турганын билдирди.

Өз кезегинде Европа биримдигинин адам укуктары боюнча атайын өкүлү Эймон Гилмор Кыргыз өлкөсүнүн демократиялык өзгөрүүлөрдү жүргүзүүдөгү лидерлиги жана өлкөдөгү адам укуктарынын абалы жөнүндө канааттануу менен белгиледи.

Европа тарап биргелешип иштөө боюнча чоң пландарды эске алуу менен, өз ара кызыкчылык жараткан бардык маселелер боюнча жигердүү жана ар тараптуу кызматташууга даяр жана кызыкдар экенин дагы бир жолу кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: