super.kg logo

Садыр Жапаров Жети-Өгүз районунда Бирназар бийдин эстелигин ачты (фото)

 

Бүгүн, 9-октябрда президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда элдик баатыр Бирназар бийдин 300 жылдыгына арналган салтанатка катышты. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

"Мамлекет башчысы салтанатты ачып жатып, Бирназар бийдин кыргыз жерлерин сактап калууга, сырткы баскынчылардын мизин кайтарууга жана кыргыз урууларынын чек араларын аныктоого кошкон чоң саясий, аскердик жана дипломатиялык салымын белгиледи. Садыр Жапаров Бирназар бийдин эстелигине гүл коюп, Куран окулду. Ошондой эле президентке Бирназар бийдин ата-бабалары, урпактары жана анын санжыра дарагы тууралуу архивдик материалдар көрсөтүлдү", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары эстеликтин ачылыш аземинде бүркүт салуу, тайган жарыш жана башка түрдүү этно-оюндар көрсөтүлүп, иш-чара этномузыка жана атчан каскадёрлордун трюктары менен коштолду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(4)
09.10.2021. 20:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Статьянын атына түшүнбөдүм эстелик бар нерсеби өзү же Баткендеги посттой капсула салып кеттиби Садыр мырза? Фотосу жокко эстеликтин?
09.10.2021. 21:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Капсула салып,дем алып,концертке барып,эстелик ачып эле жүрөтко Садыр ава,конкретүү рефөрмалардан дайын жок,коррупция менен күрөшкөндөй түр көрсөтөт,андан майнап чыкпады,кыскасы үмүт үзүлдү Садырдан,кыйратпайт,тем более досу өзүнүн билген саясатын жүргүзүп атат,жүз күндө конткретүү өзгөртүү кылса болот эле
10.10.2021. 05:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Tursunbaev1978,Байкуш ичин кыйла эле куйуп карайып кетиптир оозундан чириген сассык создор чыгып калыптыр, уйундо уйларга жалатчуу туз барбы ошону жаласан озуно келесин
10.10.2021. 06:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мамлекетти онуктуруп анан тойлорду откорсок жакшы болот беле деген ойго келесин даа...
Дагы тойлор башталдыбы...
Эми кийинкилери да ойлонот да мен да той берсемби деп.
Же кыйраткан бай олко болсок бир жон.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: