super.kg logo

"Коррупциялык көрүнүштөрдөн алыс болуу керек". ИИМдин орун басары Жалал-Абадга болгон 3 күндүк иш сапарын жыйынтыктады

 

Ички иштер министринин орун басары Жалал-Абаддагы 3 күндүк иш сапарын жыйынтыктады. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов 3 күндүк иш сапарында Жалал-Абад облусунун аймагындагы ички иштер бөлүмдөрүнүн ишмердүүлүгүн, кызматкерлерге түзүлгөн шарттарды текшерген.

"Ал иш сапардын алгачкы күнүндө Жалал-Абад ОИИБинин жетекчиси, милициянын полковниги Ашим Тагаев менен биргеликте Токтогул райондук, Кара-Көл жана Таш-Көмүр шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн өздүк курамы менен жолугушту.

8-октябрь күнү Аксы жана Ала-Бука РИИБдеринин ишмердүүлүгү менен таанышып, кышкы кийимдер менен камсыздоодо ички иштер министрлигинен колдоолор боло тургандыгын белгиледи. Андан соң Майлуу-Суу ШИИБдин өздүк курамы менен жолугуп, уран калдыктарынан улам жаралган радиацияга байланыштуу айтылган көйгөйлөрдү чечүүгө аракеттер көрүлөөрүн билдирди.

Ал эми бүгүн, 9-октябрь күнү Октябрь Урмамбетов Жалал-Абад ОИИБдин имаратында өздүк курам менен жолугушту. Ал анда кызматкерлерди элдин ишенимин актап, ак ниеттүүлүк менен кызмат өтөөгө чакырды. Алдыда келе жаткан шайлоого байланыштуу агитациялык жумуштарга аралашпоо, коррупциялык көрүнүштөрдөн алыс болуу керектигин эскертти. Андан соң ИИМдин Ички аскерлеринин 704 аскер бөлүгүнө барып, түзүлгөн шарттары менен таанышып чыкты. Буга улай эле Жалал-Абад ШИИБдин өздүк курамы менен жолугушуп, демөөрчүлөр тарабынан алынып келинген электроскутерлерди тапшырды", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: