super.kg logo

Садыр Жапаров Жоламан Шаршенбековго: "Жоламан баатыр! Билгенге алтынга тете жеңиш болду"

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров Ослодо өткөн Дүйнө чемпиондугунда күмүш байгеге ээ болгон балбан Жоламан Шаршенбековду куттуктады. Куттуктоо сөзүн пезидент социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Жоламан баатыр! Дүйнө чемпиондугунда күмүш байге алышың менен куттуктайм! Билгенге алтынга тете жеңиш болду. Балбаныбыз Жоломан Шаршенбеков финалда татыктуу, бүйүр кызыткан кармаш көрсөттү. Бул чемпиондукка катышып байгелүү орундарды ээлеген бардык спортчуларыбызды, аларды килемге даярдап алып чыккан машыктыруучуларды дагы бир жолу куттуктайм! Спортчуларыбыз багындырчу ийгиликтер алдыда. Өз кезегинде мамлекет ата мекендик спортко ар тараптуу колдоо көрсөтүүсүн уланта бермекчи", - деп жазылды өлкө башчынын куттуктоосунда.

Жоламан Шаршенбеков Дүйнө чемпиондугунун финалында Виктор Чобануга 9:3 эсебинде жеңилип калган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: