super.kg logo

Пенсильвания штатындагы Кыргыз жаранынын өлүмү: Элчилик деталдуу иликтөөнү талап кылды

 

АКШнын Пенсильвания штатында полиция кызматкерлеринин огунан каза тапкан Кыргыз жаранынын өлүмү боюнча Кыргыз өлкөсүнүн АКШдагы элчиси Бактыбек Аманбаев АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Дональд Лу менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

"Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө кыргыз тарап Кыргыз Республикасынын жаранынын өлүмүн эртерээк жана деталдуу иликтөө зарылдыгына көңүл бурду. Пенсильвания штатынын полиция башкармалыгы менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, учурда окуяны иликтөө үчүн тиешелүү чаралар көрүлүп жатканы маалымдалган", - деп жазылат билдирүүдө.

Бул маселе министрликтин жана Кыргыз өлкөсүнүн АКШдагы элчилигинин өзгөчө көзөмөлүндө.

Эске салсак, бүгүн, 8-октябрда АКШнын Пенсильвания штатында 27 жаштагы Кыргыз жаранына полиция кызматкерлери тарабынан ок чыгарылганы, мындан улам анын каза тапканы тууралуу маалымат тараган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
10.10.2021. 17:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ким буйрук берди деп иликтеш керек Кыргызстандагыдай
10.10.2021. 19:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Унчукпай калбай ушинтип реакция кылыш керек , молодец иликтетсин
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: