super.kg logo

"Мыктылар!". Дүйнө чемпиондугунда жеңишке жеткен балбан кыздардын иллюстрациялык сүрөтү жарыяланды

 

Сүрөтчү Татьяна Зеленская өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына Осло шаарында өткөн күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда жеңишке жеткен балбан кыздарга арнаган иллюстрациялык сүрөтүн жарыялады. Анда Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызы тартылган.

Иллюстрациялык сүрөттүн алдын Зеленская "Мыктылар" деп жазып калтырган. Интернет колдонуучулары бул сүрөттү баракчаларына бөлүшүп, ыраазычылык сөздөрүн жазышууда.

Маалымат үчүн:

Норвегиянын борбору Осло шаарында өткөн Дүйнө чемпиондугунун финалдык беттешинде Айсулуу Тыныбекова америкалык Кайла Коллина Кийок Чудо аттуу балбан кыз менен кез келип, 7:0 эсебинде жеңип, экинчи ирет катары менен Дүйнө чемпиону аталды.

8-октябрга караган түнү Дүйнө чемпиондугунун финалында кыргыз балбан кызы Мээрим Жуманазарова япониялык Рин Мияджи аттуу балбанды жеңип, Дүйнө чемпиону аталган.

Айпери Медет кызы күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда 76 килограмм салмакта жарым финалда эстониялык балбанга 3:3 эсебинде жеңилип калган. Ал эми коло медаль үчүн болгон беттеште украиналык Анастасия Шустова аттуу балбан менен кез келип, 12:1 эсебинде жеңип, коло медаль тагынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: