Министр Улан Ниязбеков алдыдагы шайлоону өткөрүү үчүн көрүлүп жаткан даярдыктар боюнча онлайн кеңешме өткөрдү




Ички иштер министри Улан Ниязбеков Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн көрүлүп жаткан даярдыктар боюнча онлайн кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
11-октябрь күнү ички иштер министри Улан Ниязбеков ички иштер органдарынын бөлүктөрүнүн жетекчилерине Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү маалында коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулук менен күрөшүүнү жана укук бузуулардын алдын алууну күчөтүү маселелери боюнча онлайн кеңешме өткөрдү.
ИИМдин башчысы ички иштер органдарынын негизги тапшырмаларына көңүл буруп, ички иштер министрлиги алдыда боло турган окуянын маанилүүлүгүн эске алып, шайлоого даярдануу жана өткөрүү маалында коомдук тартип менен коопсуздуктун деңгээлин жогорулатууга багытталган бир катар чараларды көргөндүгүн билдирди.


