Беш балалуу болгондо аялын өлтүрүп, камактан чыгып келип өз кызын зордуктап... Жумгалдагы окуянын чоо-жайы
Нарын облусуна караштуу Жумгал районунда 54 жаштагы тургун өзүнүн 13 жаштагы кызын зордуктап жүргөнүн Нарын ОИИБи кабарлаган.
Кыздын абалын билүү үчүн SUPER.KG порталы Жумгал райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Аида Бектургановага байланышты. Анда ал буларга токтолду.
Башкармалыктын маалыматы боюнча, шектүү 2010-жылы жубайын өлтүргөн деп айыпталып, 16 жылга эркинен ажыратылган.
Кызды атасы зордуктап жүргөнүн алгач туугандары билишкен.
"Ушул жылы сентябрь айында кызды эжелери Бишкекке алып келип, окууга кийим алып беришмек. Бирок атасы анын шаарга баруусуна каршы болуп жатып араң жөнөткөн. Кыз жолдон эсин жоготкондон улам туугандары аны ооруканага алып барууну чечишкен. Бирок кыз ыйлап, барбай турганын айткан. Ошондо алар себебин сурашканда ал ыйлап, атасынан зордук көрүп жүргөнүн айтып берген. Кызга соттук-медициналык экспертиза дайындалып, анын жыйынтыгында ал зордукталганы аныкталган.
Азыркы учурда кыз мектепке бара элек, балким, шаарга кетип калышы мүмкүн. Себеби ал дарыланууга, ар кандай жардамдарды алууга муктаж. Азыр ошол жагын карап жатабыз. Кыз өзү көп сүйлөбөйт, жоош. Ал мектепте жакшы окуп, тыкан кийинип жүргөн. Ал эми балдардын чоң апасы ооруп Бишкек шаарында.
кошулду
Акылбек Жапаров министрлер кабинетинин төрагасы болобу?
















1 |