Соцфонддун төрагасынын милдетин аткаруучу болуп Арстанбек Абдуллаев дайындалды
Социалдык фонддун төрагасынын милдетин аткаруучу болуп Арстанбек Абдуллаев дайындалды. Бул тууралуу Соцфонддун басма сөз кызматынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, Жаныбек Орозалиев ээлеген кызмат ордунан бошотулган.
Арстанбек Абдуллаев 2021-жылдын 17-майынан бери Соцфонддун төрагасынын орун басары кызматын аркалап келген.
Белгилей кетсек, Жаныбек Орозалиев Социалдык фонддун төрагасы болуп ушул жылдын май айында дайындалган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:02
2025-07-26

0:20
2025-07-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.