super.kg logo

ИИМдин биринчи орун басары болуп Сүйүн Өмүрзаковдун ордуна Адылбек Бийбосунов дайындалды

 

Кызматтан кеткен ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаковдун ордуна Адылбек Бийбосунов дайындалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Адылбек Бийбосунов буга чейин ИИМдин кадрлар башкы башкармалыгын жетектеп келген.

Бүгүн, 11-октябрда министрдин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаковду ИИМден узатуу аземи болгон. Анда министр Улан Ниязбеков Сүйүн Өмүрзаковдун чыныгы профессионал экендигин, 30 жылдан ашуун ички иштер органдарынын катарында үзүрлүү жана татыктуу ишмердүүлүк жүргүзгөндүгүн баса белгилешип, мындан аркы ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди каалады.

“Министрдин биринчи орун басары катары кызматта олтуруп убактылуу рапортумду жазып шайлоого катышсам деле болмок. Бирок мен жеке кызыкчылыгымды мамлекеттик кызыкчылыктан жогору койбой, шайлоого башка талапкерлер менен бирдей атаандаштыкта калыс катышайын деп чечтим. Ошол себептүү мен Ички иштер министрлигиндеги министрдин биринчи орун басары жогорку кызматымды тапшырып, шайлоого аттандым”, - деген Сүйүн Өмүрзаков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: