Сузакта мыйзамсыз ок атуучу куралды сактап жүргөн киши башка кылмышы үчүн убактылуу кармоочу жайда отурган
Жалал-Абад облусунда милиция тарабынан Сузакта мыйзамсыз сакталган ок атуучу курал алынды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, 30-сентябрь күнү Жалал-Абад ОИИБинин Криминалдык милиция кызматы тарабынан Сузак районунун аймагында Кудаш аттуу жаран мыйзамсыз ок атуучу куралын сактап жүргөндүгү боюнча ыкчам маалыматтар алынган. Алынган маалыматтын негизинде ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп, ок атуучу курал сактаган жаран Сузак районунун 1993-жылы туулган Т.Х. аттуу тургуну экендиги аныкталган.
Ал Сузак РИИБи тарабынан кармалып, убактылуу кармоочу жайда отургандыгы белгилүү болгон. Жалал-Абад ОИИБдин жана Сузак РИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгында Т.Х. мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралын өз ыктыяры менен тапшырууга түшүнүк катын берген.
Сотко чейинки өндүрүш иши боюнча Т.Х. суракка алынган. Ал өзүнүн көрсөтмөсүндө 2021-жылдын май айында Жалал-Абад шаарындагы курорттун ат чабуучу майданынан материалга оролгон ок атуучу курал таап алып, бекитип койгон. Арадан бир-эки күн өтүп мурда жасаган кылмыштары үчүн Сузак РИИБи тарабынан кармалып, убактылуу жайга киргизилгендигин, учурда өз ыктыяры менен ок атуучу куралды тапшырарын билдирген.
Сузак РИИБинин убактылуу кармоочу жайында кармалып отурган шектүүнүн көрсөтмөсү боюнча жеринде тергөө амалдары жүргүзүлүп, жыйынтыгында Сузак районунун аймагында эски базардын ичинен 1 даана ПМ үлгүсүнө окшогон ок атуучу курал материалга оролгон абалда табылган.
Алынган ок атуучу куралга карата соттук-баллистикалык экспертиза дайындалып, ок атуучу курал эксперттерге тапшырылган. Учурда сотко чейинки өндүрүш иши боюнча тергөө амалдары уланууда.


