super.kg logo

Кыргыз өлкөсү Мегаком иши боюнча эл аралык арбитраждык сотто жеңип чыкты

 

2021-жылдын 8-октябрында "Penwell Business Limited Кыргыз Республикасына каршы" иши боюнча жыйынтык арбитраждык чечим чыгарылгандыгын министрлер кабинетинин Сот өкүлчүлүгү борбору маалымдайт.

"Доогердин 298 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү компенсация тууралуу талабы Арбитраж курамы тарабынан толук көлөмдө четке кагылган. Атап айтканда, Арбитраж курамы токтом кылгандай, Кыргыз Республикасына инвестиция кылууда Доогер бир нече ирет жергиликтүү өнөктөштөрдүн жардамы аркылуу жана түздөн-түз коррупциялык тажрыйбага кайрылган", - деп жазылат билдирүүдө.

Доогер Penwell Business Ltd оффшордук компаниясы 2017-жылдын июль айында Кыргыз Республикасына каршы эл аралык арбитраждык териштирүүнү демилгелеген, анда Республика Доогердин инвестициясын "БиМоКом" ЖЧКга (MegaCom соода маркасы) экспроприация кылган деп билдирген.

Борбор белгилегендей, бул Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдык тарыхында коррупциялык практика орун алгандыгынын негизинде чет элдик инвестордун доо талабы толук көлөмдө четке кагылгандыгы боюнча алгачкы окуя болуп саналат. Аталган чечим Кыргыз Республикасы кыргыз мыйзамдарындагы талаптарды сактоо менен ишке ашырылуучу ак ниет чет элдик инвестициялар үчүн ачык экендигинен кабар берет.

Бул маанилүү жеңиш Министрлер кабинетинин Сот өкүлчүлүгү борборунун командасынын жана Кыргыз Республикасы тарабынан тартылган юридикалык өкүлдөрдүн – Willkie Farr & Gallagher LLP эл аралык юридикалык фирмасынын ырааттуу жана натыйжалуу ишине жараша орун алды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(1)
11.10.2021. 19:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Жакшы кабар.Эми "Центарраны"да женип чыксын ылайым.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: