Ошто Орусиянын эмгек сиңирген артисттеринин катышуусунда Орусия кино күндөрү өтөт
Бүгүн, 11-октябрда Ош шаарында Орусия кино күндөрүн өткөрүү боюнча жыйын болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясы кабарлады.
Анда Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова даярдык көрүү боюнча тийиштүү жетекчилерге тапшырмаларды берген.
Кино тасмалар "Семетей" кинотеатрында көрсөтүлөт, алардын тизмеси:
- 14.10.2021 саат 16:00дө кино жумалыгынын расмий ачылышы жана "Огонь" киносу көрсөтүлөт;
- 15.10.2021 саат 17:30 "Серебряные коньки" киносу;
- 16.10.2021 саат 18:00 "Назад в степь к сарматам" киносу;
- 17.10.2021 саат 16:00дө иш-чаранын расмий жабылыш аземи болуп, "Подольские курсанты" киносу коюлат.
Кино күндөрүнө карата өтүп жаткан иш-чараларга Орусиянын эмгек сиңирген артисттери Юрий Кузнецов, Марина Яковлева, белгилүү актер Марк Вдовин, Михаил Шеломенцев, Тимур Гарипов, продюсер Елена Лебедова жана белгилүү теле алып баруучусу Ассоль Молдокматова катышат.




1 |