super.kg logo

"Чыгармачылык - улут аралык биримдикти бекемдейт". Ассоль Молдокматова коомчулукту Орусия кино күндөрүнө катышууга чакырды

 

Ош шаарында 14-октябрдан 17-октябрга чейин Орусия кино күндөрү маданий иш-чарасы өтөт. Кыргыз өлкөсүнүн маданиятына эмгек сиңирген ишмер Ассоль Молдокматова аталган иш-чаранын маанилүүлүгү тууралуу SUPER.KG порталына айтып берди.

Маалыматка ылайык, иш-чара Орусия Федерациясынын президентинин эл аралык маданий кызматташтык боюнча атайын өкүлүнүн, аталган өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин, Орусия тынчтык фонду, Орусиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилиги, Россотрудничество, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Ош шаарынын мэриясы, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, "Ассоль" коомдук фонду тарабынан колдоого алынган.

"Орусия кино күндөрүнүн форуму меймандос кыргыз жергесинде бешинчи ирет өткөрүлүп жатат, бул абдан маанилүү нерсе.

Орусия кино күндөрү Орусия менен Кыргыз өлкөсүнүн кинорежиссёрлорунун, ошондой эле бул искусствого кызыккандардын бардыгынын үзгүлтүксүз түз байланышынын маанилүү платформасы катары өзүнүн статусун дагы бир жолу тастыктайт.

Орусия кино күндөрүнүн программасына төрт жаңы орус толук метраждуу фильмдердин көрсөтүлүшү кирет: "Огонь", режиссёр Алексей Нужный, режиссёр Александр Прошкин тарткан "Назад в степь к сарматам" тасмасы, режиссёр Михаил Локшин тарткан "Серебряные коньки" тасмасы, Вадим Шмелев тарткан "Подольские курсанты" тасмасы.

Кино тасмалар "Семетей" кинотеатрында көрсөтүлөт.

ОшМУдагы күндөрдүн алкагында Орусия Федерациясынын эмгек сиңирген артисти, театр жана кино актрисасы Марина Яковлева менен чыгармачылык жолугушуу өтөт.

Маданият жана билим цивилизациялуу мамлекеттердин өнүгүүсүнүн негизи. Чыгармачыл инсандар ар дайым өлкөлөр менен элдин ортосундагы мамилени бекемдейт", - дейт Молдокматова.

Белгилей кетсек, "Орусия кино күндөрү" кинофестивалынын алып баруучусу - коомдук ишмер Ассоль Молдокматова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: