"Сүйүүнүн өмүрү", "Баскетбол шакекчеси". Бишкекте түрк тасмалар жумалыгы өтөт

Билдирүүгө ылайык, түрк фильмдери жумалыгында "7-камерадагы мужиза", "Баскетбол шакекчеси", "Маузер", "Сүйүүнүн өмүрү" жана анимациялык "Мадыра баштар: Киндик-Төбө" фильмдери кино сүйүүчүлөргө акысыз көрсөтүлөт.
Ошондой эле бул мыкты фильмдер аркылуу түрк киносуна сереп салууга мүмкүнчүлүк жаратылат.
"Өзгөчө бул жумалыктын алкагында кино көрсөтүүлөрдөн кийин искусство адамдары менен көрүүчүлөрдүн ортосунда жолугушуу мүмкүнчүлүгү болот. Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин студенттери менен түрк киносу боюнча баарлашуу өткөрүлөт. Саамалыктын алкагында Түркиядан келген режиссёрлер, актёрлер жана продюсерлер менен кыргыз кино актёрлорунун арасында жолугушуулар менен катар орток эмгектерди жаратуу боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр жана баарлашуулар ишке ашырылат", - деп жазылат маалыматта.
Көрсөтүлө турган фильмдер:
- "7-камерадагы мужиза";
- "Баскетбол шакекчеси";
- "Маузер";
- "Сүйүүнүн өмүрү";
- "Мадыра баштар: Киндик-Төбө" (анимациялык фильм);
- "Өмер жана биз".
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:02
2025-07-26

0:20
2025-07-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.