super.kg logo

"Кечээ күбөлүк алышып, бүгүн эл ташып башташат". Депутаттар таксисттердин кызматына нааразы

 

Бүгүн, 12-октябрда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында эл өкүлдөрү таксисттердин кызматына нааразы болушту.

Депутат Шералы Абдылдаев: "Бизге айдоочунун күбөлүгү берилгенден кийин аны көзөмөлдөгөн мамлекеттик орган барбы?", - деди.

Бейшенаалы Нурдинов коллегасын колдоп: "Кытайда таксист кызматы, кесиби абдан престиждүү, анда адегенде унааны текшерүүдөн өткөрүп, андан соң лицензия алышат. Балким, бизди таксисттер жаман көрөттүр, бирок аларга лицензия бериш керек. Чынында, азыр такси кызматына көзөмөл жок, алардын тажрыйбасы болуш керек, эмгек китепчеси ачылыш керек. Мисалы, "Яндекске" дароо эле ишке кирип кетишет экен, лицензия жок, тажрыйба жок, салык төкпөйт. Жол кырсыгы ошол тажрыйбасыз айдоочулардын эл ташыганынан болуп жатпайбы? Жаңы эле айдоочулук күбөлүк алып "Яндексте" иштеп жатам дешет, бул туура эмес да", - деди Нурдинов.

Жогорудагы суроолорго экономика жана финансы министринин орун басары Бекболот Алиев жооп берди.

"Сиз айтып жаткан такси кызматын көрсөткөн ишканаларды мыйзамдаштыруу боюнча мыйзам долбоорлорун иштеп чыгып сунуштаганда Жогорку Кеңештен өтпөй калды. Бул жылы дагы такси кызматын лицензиялаштырууну алып келебиз", - деди Алиев.

Нурдинов мыйзам долбоорун өткөрбөй коюшканын эстей албай турганын билдирип, долбоорду кайра алып келүү керектигин айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(3)
12.10.2021. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Биринчиден Яндексти салык толотуп алсын чимкириктер. Экинчиден эшек такалап отуруп анан купулдобостон оздору айдоочулар боюнча мыйзам иштеп чыгып кабыл алышы керек болчу, такси кызматына кеминде 2-3 жыл айдоочулук стаж керек деп агрегаторлорго талап коюп бийлик. Учунчудон штрафтардын коломун азайтпоо керек эле. Тортунчудон мыйзам баарына тегиз иштеши керек. Эн коп жол эрежесин бузуп ГАИлерди козго илбегендер жепжутарлар оздору, аялдары, ойноштору, уул-кыздары, туугандары.
12.10.2021. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Силер деле кечээ эле мандат алып Жазып берген кагазды окуй албай эл башкарып атасыңар го. Таксистер эмне болсо да адал эмгеги менен үй бүлөөсүн багып атышат. Таксистерге лицензия берээрден мурда ошол 1сом салык төкпөгөн күнүнө 10 млн сомду чыгарып кетип аткан Яндекстен салык албайсыңарбы Кыргызстандан млндорду чыгарып кеткен номер биринчи Яндекс фирмасы. Эмнеге ага эч ким унчукпай атат. Же бир чоң чимкирик какырык колдоп атабы
12.10.2021. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Иииий башындыурайын, кытайга тенелем дейсин да. Кытайда силердей чимкириктерди даже камап убара болбойт сразу атат. Кытайга таксисттерди эмес биринчи озуну тене.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: