super.kg logo

Учурда "Бишкекжылуулукэнерго" ишканасынын 66 отканасы толук кандуу иштеп жатат

 

Бүгүнкү күндө "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасынын бардык 66 отканасы толук кубаттуулукта иштеп жатат. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, ишкананын балансында турган 12 медициналык мекеме, 14 бала бакча, 41 мектеп, 8 университет жана 26 бюджеттик уюм, 622 турак үйдүн 614ү жылуулук энергиясына кошулду.

"Малдыбаев көч. №12, 14, Кеңсуу көчөсү №17/1, 17 / 1-1, 19, Ахунбаев көчөсү №131В, Лев Толстой көчөсү №190 даректериндеги турак үйлөр ички системалар даяр болбогондуктан жылуулукка туташкан эмес. Алар келишимдер боюнча өзүн-өзү тейлейт", - деп жазылат маалыматта.

Эске сала кетсек, Бишкекти жылуулук менен эки уюм камсыздайт: "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасы жана "Бишкекжылуулуктармагы" ААКсы.

"Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасы шаардын түндүк-батыш жана түштүк-батыш бөлүктөрүн тейлейт: Жал кичи району, Аскер шаарчасы, Газ шаарчасы, Орто-Сай жана Калыс-Ордо конуштары, Жумушчу шаарчасы. Шаарга жылуулук берген уюмдар бири-биринин ишине жооп бербейт.

Компаниянын ишеним телефондорунун номерлери:

- 0312 21-28-44; 0312 21-29-06 - 8:00дөн 17:00гө чейин арыздарды кабыл алуучу диспетчердик кызмат;

- 0312 21-29-06 - күнү-түнү диспетчердик кеңсе;

- 0701 777-110 - WhatsApp номери.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: