super.kg logo

Күрөш боюнча курама команда Дүйнө чемпиондугунан кайтып келди

 

Күрөш боюнча Кыргыз өлкөсүнүн курама командасы Дүйнө чемпиондугунан кайтып келди. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 12-октябрда "Манас" эл аралык аэропортунда спорттун күрөш түрү боюнча Дүйнө чемпиондугуна катышкан өлкөнүн эркин күрөш жана грек-рим күрөшү боюнча курама команданы тосуп алышты.

Эске салсак, күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугу 2-10-октябрь күндөрү Осло шаарында (Норвегия) өттү.

Маалымат үчүн:

Дүйнө чемпиондугунун финалдык беттешинде Айсулуу Тыныбекова америкалык Кайла Коллина Кийок Чудо аттуу балбан кыз менен кез келип, 7:0 эсебинде жеңип, экинчи ирет катары менен Дүйнө чемпиону аталды.

8-октябрга караган түнү Дүйнө чемпиондугунун финалында кыргыз балбан кызы Мээрим Жуманазарова япониялык Рин Мияджи аттуу балбанды жеңип, Дүйнө чемпиону аталган.

Айпери Медет кызы коло медаль үчүн болгон беттеште украиналык Анастасия Шустова аттуу балбан менен кез келип, 12:1 эсебинде жеңип, коло медаль тагынган.

Жоламан Шаршенбеков, Эрназар Акматалиев Дүйнө чемпиондугунда күмүш байгени багындырышты. Ошондой эле Алибек Осмонов 65 килограмм салмакта коло байгеге ээ болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(1)
12.10.2021. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Курама команда кайтып келди», дейсинер да женский команда боюнча маалымат бересинер да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: