super.kg logo

Президент министрлер кабинетинин төрагалыгына Акылбек Жапаровдун талапкерлигин сунуштады

 

Президент Садыр Жапаров министрлер кабинетинин төрагалыгына Акылбек Жапаровдун талапкерлигин сунуштады. Бул тууралуу мамлекет башчысы өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына билдирүү калтырды.

Анда президент Жогорку Кеңеште талкууланып келе жаткан "Министрлер кабинети жөнүндө" мыйзамга кечээ кол коюп, ал күчүнө киргенин жазат.

"Убакытты создуктурбай, дароо эле министрлер кабинетинин жаңы курамына талапкерлерди Баш мыйзамга ылайык, Жогорку Кеңешке макулдашууга жөнөттүм. Айрым министрликтерге жаны кишилер сунушталды. Февраль айынан бери ким кандай иштеп жатканын баамдап келе жатам. Эми мындан ары туруктуу, стабилдүү өкмөт иштеп баштайт. Өкмөт башчысы алмашат. Ага Акылбек Жапаровду сунуштадым.

Эмне себептен алмаштырды деген суроолор жаралат. Ар бир мамлекеттин эң негизги көйгөйү - бул казына толтуруу. Казына көбөйсө, элдин жашоосу жакшырат, пенсия-жөлөк пулдар, эмгек акылар көтөрүлөт, инфраструктура жана башка тармактар жакшырат. Мына ошондо гана күчтүү мамлекет боло алабыз. Биз Акылбек Жапаров менен макулдашып, келиштик.

"Быйыл казынаны 280 миллиард сом менен жапсам, кийинки жылы 400 миллиард сомго жакындатам", - деп сөз берди.

Эгер ага жеткире албаса, анда чара көрөм. Ошондуктан ал киши азырынча сындабай, өкмөт башына коюп, убакыт берели.

Ал эми Улукбек Асамидинович да жаман иштеген жок. Жакшы иштеди. Жаш кадр. Оор мезгилде кыйынчылыктарды бирге басып өттүк. Тажрыйба топтоду. Анын келечеги алдыда", - деп жазган президент.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
12.10.2021. 18:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Былтыр берилген убадалар кана жаштарды алып келем мен жаштар менен иштешем деген элеңиз. Карысы келсе ашка, жаш келсе ишке дейт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: