Министрлер кабинетинин жаңы курамы белгилүү болду
Президент Садыр Жапаров тарабынан сунушталган министрлер кабинетинин курамы белгилүү болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жогорку Кеңештен билдиришти.
Жаңы курам:
- Министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын башчысы - Акылбек Жапаров;
- Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары – Арзыбек Кожошев;
- Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Азиз Аалиев;
- Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Эдил Байсалов;
- Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМКнын төрагасы – Камчыбек Ташиев;
- экономика жана коммерция министри – Данияр Амангелдиев;
- финансы министри – Алмаз Бакетаев;
- тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министри – Руслан Казакбаев;
- юстиция министри – Аяз Баетов;
- транспорт жана коммуникация министри – Эркинбек Осоев;
- айыл, суу чарба жана региондук өнүктүрүү министри – Аскарбек Жаныбеков;
- энергетика министри – Доскул Бекмурзаев;
- жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри – Динара Кутманова;
- саламаттыкты сактоо министри – Алымкадыр Бейшеналиев;
- билим берүү жана илим министри – Болотбек Купешев;
- маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри – Азамат Жаманкулов;
- эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри – Кудайберген Базарбаев;
- коргоо министри – Бактыбек Бекболотов;
- ички иштер министри – Улан Ниязбеков;
- өзгөчө кырдаалдар министри – Бообек Ажикеев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:02
2025-07-26

0:20
2025-07-26

Рейтинг:
-1

Же эмне фамилиябыз окшош деп эле көтөрүп атабы берки Жапаров