"Президентибиз тарыхта биринчи жолу люстрация жасоо үчүн шарт түздү". Жаңы дайындалган мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов кайрылуу жасады
Бүгүн, 12-октябрда жаңы дайындалган мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов алдыдагы парламенттик шайлоолорго байланыштуу кыргыз элине кайрылуу жасады. Кайрылуу президенттин расмий сайтына жарыяланды.
"Урматтуу замандаштар! Элди тажаткан, коомду ириткен саясатчылардан арылып, люстрация кылуу керек” деген талап көптөн бери айтылып келет.
Эң туура! Бул мүдөөнү баарыбыз колдойбуз. 15 жылдан бери люстрацияны ишке ашырабыз деп какшап келе жатабыз. Бирок ишке ашпай жаткан. Эми мына ишке ашыруу процесси башталды. Президент тарыхыбызда биринчи жолу люстрацияны жүзөгө ашыруу үчүн элге шарт түзүп берди. 36 депутат түздөн-түз аймактардан шайланып келишет. Өзүңөрдүн ишенген өкүлүңөрдү шайлап аласыңар. Бирөө-жарым кысым көрсөтүп, баланчаны шайлайсың деп кыйнай албайт. Мамлекеттик кызматкерлер тигил же бул талапкердин пайдасына иштебейт. Иштешсе жоопкерчиликке тартылып, жазасын алышат.
54 депутат партиялык тизме менен шайланат. Мурдагыдай тизме башына төбөсү көрүнгөн, акчалуу саясатчы туруп алып, партиясын өткөрүп, артынан 20-30 элге жакпаган депутаттарды ээрчитип келмей жок. Эми мындан ары партияга добуш берип, анын ичиндеги өзүңөргө жаккан талапкерге дагы добуш бересиңер. Добуш албаган талапкер өтпөйт. Мына силер жасай турган люстрация, урматтуу замандаштар!
Айрым радикалдуу жарандарыбыздын оюна койсо, “жакпаган саясатчылардын баарын тизип туруп атыш керек” дешет. Азыр 21-кылым. Андай кылган болбойт. Азыркы метод - эң туура метод. Саясатчымын деген жаран үчүн элдин добушун албай, көпчүлүктүн ишеничинен кетип, парламентке өтпөй калуудан өткөн жаза жок. Мына жаза, мына люстрация деген ушул.
Эн негизгиси, өзүңүздөр добушуңуздарды сатпасаңыздар болду. Тескерисинче, сатып алам дегендерди ашкерелеп, кармап берип турсаңыздар шайлоонун таза өтүшүнө чоң жардам берген болосуздар.
Шайлоонун таза өтүшү тууралуу маселе боюнча президентибиз 21-октябрь күнү жалпы республикалык кеңешме өткөрүп жатат. Айыл өкмөттөрдөн баштап, өкмөт башчысына чейин бардык жетекчилер катышат.
Ошол жерде кеңири сөз болот", - деп айтылат мамлекеттик катчынын кайрылуусунда.
Сүйүнбек Касмамбетов мамлекеттик катчы болуп бүгүн, 12-октябрда дайындалган.



Депутат болууга дейсин, кайсы карапайым адам депутат боло алат, сен тушундурчу мага?! Кайсы карапайым бири кайсы акчасына эл кыдырып жер кыдырып угут жургузо алат? Баягы эле байлардын заманы болуп жатса?!
Шайлоодо партияга эле эмес, партиянын ичиндеги кайсы бир адамга добуш беремин дейсин, мына шайлоого аттанып жаткан партиялардын тизмелеринен 55 таза адамды корсотчу сен мага! Бир мандаттуу округдарга коюлуп жаткан талапкерлноден таза 35 адам корсотчу, ар бир округдан бирден?! Колундан келеби? Барбы андайлар?
Экинчиден шайлоо таза отуусу учун акча чачкандарды жазалоо керек эле. Кана кимди жазалады бийлик? Чекеден акталып кетти го, акча таратты дегендер! Добуш сатып алуу токтобосо, админ.ресурс жоголбосо эч качан таза шайлоо отпойт, ошону бир бил!!!
Окмотту кара, ончой жегичтер. Элчилерди кара, дагы эле ошолор... ЖКке да кайра жегичтер келет!