"Максатыбызга жеттик". Кызматынан бошотулган Улукбек Марипов кайрылуу жасады
Министрлер кабинетинин мурдагы төрагасы Улукбек Марипов өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу түз эфирде кыргыз элине кайрылуу жасады.
Урматтуу мекендештер! Эң оболу мен элибизге, урматтуу президентибиз Садыр Нургожоевичке, жалпы депутаттарыбызга ыраазычылык билдирип коёюн деп чечтим. Анткени бүгүн өзүңүздөр билгендей бир топ чечимди президентибиз кабыл алды.
Бүгүн, 12-октябрда 5-майда бекиген министрлер кабинетинин курамы толук иштегенине 250 күн болуптур. Бул ар кандай күндөр болду. Биздин негизги принцип таза иштөө. Элге күнү-түнү дебей кызмат кылуу болчу. Биз ошол максатыбызга жеттик. Биздин ишибиз кандай болгонуна албетте бааны эл өзү берет. Мен ошондуктан учурдан пайдаланып, чогуу иштеген биздин командага терең ыраазычылык билдирем. Биздин жумуштун алдыга жылышына ар бир кызматкердин салымы зор болду", - деди Марипов өз кайрылуусунда.
Улукбек Марипов министрлер кабинетинин төрагасы кызматынан бүгүн, 12-октябрда бошотулган.





1 |