super.kg logo

Улукбек Марипов: "Мен элибизден кечирим сурайм"

 

Министрлер кабинетинин төрагасы кызматынан бошотулган Улукбек Марипов Министрлер кабинетинин төрагасынын убактылуу милдетин аткаруучу болуп дайындалган Акылбек Жапаровго ийгилик каалады. Бул тууралуу Улукбек Марипов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу түз эфирде айтты.

"Жаңы министрлер кабинетинин төрагасынын милдетин аткаруучу болуп Акылбек Жапаров дайындалды. Акылбек Үсөнбековичтин ишине мен ийгилик каалайм! Мен ойлойм, командасы менен чогуу президентибиздин, элибиздин койгон талаптарын туура, так аткарганга толук мүмкүнчүлүк жана шарттары бар. Учурдан пайдаланып айтар элем, Акылбек Үсөнбекович менен биз чогуу жемиштүү иштедик. Ал тажрыйбалуу, дасыккан жетекчи. Өлкөбүздүн өнүгүшүнө зор салымын кошот", - деди Марипов.

Андан кийин Улукбек Марипов төрага болуп турган учурда кандайдыр бир иштерде ийгилик жарата албай калган болсо, элден кечирим сурады.

Дагы бир жолу жалпы мекендештерге ыраазычылык билдирем. Эгерде элдин мүдөөсүн аткарууда кандайдыр бир жетишкендиктерге жете албай калсак, мен элибизден кечирим сурайм", - деп сөзүн жыйынтыктады Марипов.

Улукбек Марипов министрлер кабинетинин төрагасы кызматынан бүгүн, 12-октябрда бошотулган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 7 
Комментарийлер(1)
13.10.2021. 01:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
У.Марипов жакшы иштеди,молодец
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: