Садыр Жапаров: "Акылбек Жапаровду "ичкен, жеген" деп сындап жаткандар, мен аны өзүм көзөмөлдөйм"
Бүгүн, 12-октябрда министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кызматтан бошотулуп, анын ордуна Акылбек Жапаров дайындалды. Муну менен катар эле Садыр Жапаровдун жарлыгы менен министрлер кабинетинин курамы да кызматтан кетип, ордуна өлкө башчысы жаңы курамды сунуштады.
Ага удаа эле өлкө башчы сунушталган жаңы курам боюнча Инстаграмдагы баракчасы аркылуу калкка кайрылуу жолдоду. Төмөндө Садыр Жапаровдун кайрылуусу:
"Урматтуу кыргызстандыктар!
Мен көптөн бери Жогорку Кеңеште талкууланып келе жаткан “Министрлер Кабинети жөнүндө” мыйзамга кечээ кол койдум, ал күчүнө кирди. Убакытты создуктурбай, дароо эле министрлер кабинетинин жаңы курамына талапкерлерди Баш мыйзамга ылайык, Жогорку Кеңешке макулдашууга жөнөттүм.
Айрым министрликтерге жаңы кишилер сунушталды. Февраль айынан бери ким кандай иштеп жатканын баамдап келе жатам. Эми мындан ары туруктуу, стабилдүү өкмөт иштеп баштайт.
Өкмөт башчысы алмашат. Ага Акылбек Жапаровду сунуштадым. Эмне себептен алмаштырды деген суроолор жаралат. Ар бир мамлекеттин эң негизги көйгөйү – бул казынаны толтуруу. Казына көбөйсө, элдин жашоосу жакшырат, пенсия-жөлөк пулдар, эмгек акылар көтөрүлөт, инфраструктура жана башка тармактар жакшырат. Мына ошондо гана күчтүү мамлекет боло алабыз.
Биз Акылбек Жапаров менен макулдашып, келиштик. “Быйыл казынаны 280 миллиард сом менен жапсам, эмдиги жылы 400 миллиард сомго жакындатам”, - деп сөз берди.
Эгер ага жеткире албаса, анда чара көрөм. Ошондуктан ал кишини азырынча сындабай, өкмөт башына коюп, убакыт берели. Анын мурдагы ишмердиги кандай болгонуна баа берип, “ичкен-жеген” деп сындап жаткан жарандарыбызга айтарым, менин убагымда анын ар бир баскан-турган кадамы, кыймыл-аракети толук жеке көзөмөлүмдө болот.
Анын иштерин текшерип турганга күчүм да, убактым да жетет. Эң негизгиси өзүм таза болсом баары таза болот. Өзүм казынага кол салсам, анда баары ага кол сала башташат. Мен мурункулардын катасын кайталабайм. Менин көзөмөлүмдүн астында “Кумтөр” маселесин бүтүрдү. Быйылкы бюджетти турукташтырды.
Казынага 24 миллиард сом кошумча акча түштү. Жетим-жесирлердин жөлөк пулдарын 100 пайызга чейин көтөрүп жатабыз. Ошондой эле Туруктуулук фонду түзүлүп жатат. Жана башка бир далай иштерди аягына чыгарды. Алдыда дагы бир топ иштер бар. Ошол үчүн убакыт берели.
Ал эми Улукбек Асамидинович да жаман иштеген жок. Жакшы иштеди. Жаш кадр. Оор мезгилде кыйынчылыктарды бирге басып өттүк. Тажрыйба топтоду. Анын келечеги алдыда".
кошулду



Бир туруп Мадумаровчу, бир туруп Батышчыл деп, эми мурунку бийликти колдоп жургонсун деп чыктынарбы манкурттар? Ооба, Сокени колдоп жургом, Сокеге чейин, АШАны, АШАга чейин Отунбаева апженди, апжене чейин Бакиевди, Бакиевге чейин Акаевди, Акаевге чейин Масалиевди, Масалиевге чейин Усубалиевди колдоп жургом. Эми не дейсин?
Илгерки беш каман арадан 120-150 жыл отсо да актуалдуу экен. Беш каман болгон сон, Арзыматтары менен борк ал десе баш алган дакансалары да болот экен.
Ал эми сага окшогон жугундукор дакансаларда намыс бар беле? Жугунду ичкенден уялбаган силер башка эмнеден уялмак эленер. Манкурт болуп калгансынар.....
Пенсия мурунку президенттер убагында да которулуп келген 5-10%тен. Же сенин Нуркожон коп которуп койду деп ойлодунбу? Россия карантинде разовый пособие толоп берип элине, кары-картандарга жардам корсотуп колдоп жатты. 2 жыл аралыгында пенсия, пособие, айлык-маяналар бир топ осту Россияда. Мына августтан сентябрга эле орточо маяна 4,8% кобойуптур Россияда. Бир айда. А бизде 2 жылдан бери осуш жок.
Эми Баткен окуясына келсек, Баткенде тополондун келип чвгышына ким куноолуу? Сен колдогон Ташиев себепкер эмеспи? Ворухту алабыз дер опурулуп журуп, Баткен окуясынан кийин Кыргызстандын аймагы аркылуу Ворухка озубуз