"Мындай таза суунун өчүрүлүшү "Батыш-2" суу алгычындагы жана шаардык суу түтүктөрүндөгү оңдоо жана техникалык тейлөө иштерине байланыштуу.

Үйлөрдө, мектептерде, бала бакчаларда, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерде суу өчүрүлөт.

Ала-Арча суусу - темир жол линиясы - Жибек Жолу проспектиси - Жаш Гвардия бульвары жана - Жаш Гвардия - темир жол линиясы - Фрунзе - Манас көчөлөрү чектешкен аймакта суу токтотулат", - деп жазылат маалыматта.

Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт, ошондой эле жергиликтүү тургундарды жана уюмдарды ичүүчү сууну камдап алууну суранат.