Мэрия: "Маршруттук каттамдардын кыймылынын өзгөрүшү тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт"
Маршруттук каттамдардын кыймылынын өзгөрүшү тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Социалдык тармактарда калаа мэриясы жол кыймылынын схемаларын деталдуу сүрөттөө менен маршруттардын кыймылын масштабдуу өзгөртүүнү пландап жатканы тууралуу маалымат тараган. Бишкек шаарынын мэриясы бул маалымат чындыкка дал келберин жана жалган экенин билдирет.
"Бүгүнкү күндө борбор калаанын мэриясы Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары менен биргеликте автобустук каттамдарга сынак өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү маселесин карап жатат. Ошол эле учурда шаар тургундарынын көптөгөн кайрылууларын эске алуу менен оптималдуу маршрут тармагын түзүү боюнча иштер жүрүп жатат. Урматтуу шаардыктар жана кичи автобустун айдоочулары!
Жалган маалымат таратпоону жана расмий маалымат булактарына гана ишенүүнү суранабыз", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.


