super.kg logo

Жалал-Абаддагы Кызыл-Жар психиатриялык оорукананын учурдагы абалы. Акыйкатчы бейтаптардын укуктары бузулганын айтып чыкты

 

Жалал-Абад облусунун Кызыл-Жар айылындагы республикалык психиатриялык ооруканага акыйкатчы аппараты мониторинг жүргүздү. Бул тууралуу аталган аппараттан билдиришти.

Мониторинг учурунда төмөнкүлөр аныкталды:

1. Кургак учук бөлүмүнүн имараты №7 өтө начар абалда, душ жана даараткана эч кандай санитардык ченемдерге жооп бербейт;

2. Бул бөлүм электр энергиясы менен жылытылат, ошол эле учурда жарык өчсө, колдонуу үчүн авариялык генератор жок;

3. Бөлүмдүн медициналык кызматкерлери билдиргендей, алар актап-сырдоо жумушту өздөрү жасашкан, оорукананын администрациясы акиташ, сыр менен гана камсыз кылган;

4. Мониторинг учурунда кургак учук бөлүмүндө 5 бейтап жаткан. Бейтап таржымалын карап чыгууда, бул бейтаптардын экөөсү дарыланууга жазуу жүзүндөгү макулдугун бербегени аныкталган, ошого карабастан алар бул мекемеде үч жылдан ашык болушкан. Бул тууралуу акыйкатчы кызматкерлери тиешелүү актыны түздү;

5. №1 бөлүм мажбурлап дарылоого арналган, 55 керебет орун бар, бирок мониторинг учурунда 60 бейтап болгон;

6. Аптечкадан жарактуулук мөөнөтү өткөн дары-дармектер табылган;

7. Палаталардагы терезелер тыгыз жабылбайт, суук аба ырайынын башталышы менен оорулуулар үшүйт, кышында терезелер пленка менен жабылат, бул палаталарды желдетүүгө жол бербейт жана бейтаптардын ден соолугуна терс таасирин тийгизет;

8. №1 бөлүмдүн жалпы санитардык абалы да санитардык стандарттарга жана коопсуздук талаптарына жооп бербейт - душ бөлмөсүндө электр зымдары сыртка чыгат, дааратканалардын санитардык абалы эч кандай стандарттарга жооп бербейт, ашканада дагы электр тогу ачык абалда турат.

Бардык аныкталган мыйзам бузуулар боюнча тийиштүү акттар түзүлдү, алар мамлекеттик органдарга тиешелүү чараларды көрүү үчүн жөнөтүлөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: