super.kg logo

Бишкекте "Пешеход" аталышындагы рейд өтүп 26 миң сом айып салынды

 

Бишкекте милициянын кайгуул кызматы авто мектептердин курсанттарынын катышуусунда “Пешеход” аталышындагы рейддик иш-чара өткөрүп, 14 жол эрежесин бузуу фактысын аныктады. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Бишкек ШИИББи боюнча милициянын кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмү жол кырсыктарынын алдын алуу багытында авто мектептерде окуп жаткан курсанттардын катышуусунда “Пешеход” аталышында профилактикалык иш-чара өткөрдү. Рейддик иш-чаранын максаты жөө жүргүнчүлөр катышкан жол транспорт кырсыктарынын алдын алуу, ага жол бербөө жана айдоочулук күбөлүк алуу үчүн окуп жаткан авто мектептердин курсанттарына теориялык билимин практика жүзүндөө көргөзүү максаты болгон.

Рейддик иш-чара учурунда эки сааттын ичинде 14 жол эрежелерин бузуу аныкталып, жалпысынан 26 миң сом айып салынды.

Алардын ичинен жөө жүргүнчүлөрдү өткөрбөй койгон 8 айдоочу, жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөктөн өтпөй чоң жолду кесип өткөн 6 жөө жүргүнчүгү Бузуулар кодексине ылайык протоколдор толтурулуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: