super.kg logo

Сузактагы массалык уулануу. Жалпы 124 адам кайрылып, 16 бейтап ооруканада жатат

 

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда сүннөт тойдон кийин массалык уулануу катталганы маалымдалды. Акыркы сааттарга алынган маалыматтарга караганда, жалпы 124 адам ооруканага кайрылган. Бул туурасында Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментине байланышканыбызда белгилүү болду.

Маалым болгондой, медициналык жардам сурап кайрылгандардын ичинен 16сы ооруканага жаткырылды. Ал эми калганына тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү.

"Этти 9-октябрда бышырып, даярдашкан. Эртеси күнү той өткөн. Меймандарга эт жана палоо берилген. Учурда уулануу эмнеден болгонун аныктоо боюнча лаборатордук экспертиза жүргүзүлүп жатат. Тиешелүү үлгүлөр алынган", - дешти мекемеден.

Буга чейин Жалал-Абад облусунун Сузак районунда сүннөт той өтүп, андан кийин Бек-Абад айылынын 60 тургуну аймактык ооруканага барышкаы кабарланган. Алардын ичинен бешөө алдын ала коюлган уулануу диагнозу менен ооруканага жаткырылганы айтылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: