super.kg logo

Коомдук жайларда чылым чегүү мыйзамы бүгүн күчүнө кирди. Кайсы жерлерде чексе болбойт?

 

Бүгүн, 13-октябрда коомдук жайларда тамеки, кальян чегүүгө тыюу салган мыйзам расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирди.

Президент Садыр Жапаров мыйзамга 28-сентябрда кол койгон жана мыйзам бүгүн, 13-октябрда күчүнө кирди.

Төмөндө чылым чегүүгө тыюу салынган жайлардын тизмеси:
  • Ведомствонун жана менчигинин түрүнө карабастан подъезддерде, лифттерде, аянттарда, дааратканаларда, көп кабаттуу үйлөрдүн жалпы колдонуучу жайларында;
  • Жаштар, маданият жана спорт иштери боюнча мекемелерде, социалдык кызматтардын имараттарында, стадиондордо;
  • Темир жол жана автобекеттерде;
  • Калкка кызмат көрсөтүүчү жайларда, анын ичинде мейманканаларда, тиричилик тейлөө, коомдук тамактануучу жайларда, убактылуу тургузулган соода объектилеринде;
  • Мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тиешелүү имараттарда;
  • Имараттарда жана курулмаларда уюштурулган жумуш орундарында, жумушчу зоналарда;
  • Өрт чыгуу коркунучу бар жерлерде, анын ичинде күйүүчү май куюучу жайларда;
  • Коомдук тамактануу жайларында (түйүндөрдө);
  • Коомдук транспортто, анын ичинде таксиде, суу жана аба кемелеринде, жергиликтүү жана алыс каттамдагы поезддерде;
  • Ведомстволугуна жана менчигинин түрүнө карабастан бардык билим берүү уюмдарында, балдардын эс алуу жайларында, балдар аянтчаларында;
  • Ведомстволугуна жана менчигинин түрүнө карабастан бардык саламаттык сактоо уюмдарынын мекемелеринде;
  • Реабилитациялык жана санаторий-курорттук кызматтарды көрсөтүүгө арналган жайларда;
  • Калкка соода кызматтары көрсөтүлүүчү имараттарда, курулмаларда жана жабык базарлардын аймактарында;
  • Аялдамаларда;
  • Тамеки чегүү үчүн атайын жайларды кошпогондо массалык-маданий, спорттук иш-чараларды, акцияларды, чогулуштарды өткөрүп жатканда ачык аянтчаларда, пляждардын аймагынын чектеринде.

Аталган жайларда чылым чегүүгө ылайыкталган шарттарды түзүүгө да тыюу салынат. Бир гана аэропорттордо өрт жана авиация коопсуздугунун талаптарын сактап, желдетүү системаларын коюу менен атайын бөлмөлөрдү уюштурууга болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
13.10.2021. 18:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Насвайга өтөт окшойбуз.
13.10.2021. 18:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Чынында тарбия керекда, корунгон жерде тамеки чеге беришет. Таксиде бара жатсан таксист тамеки чексе олуп калайын дейсин. Москвада кобу чегет бирок жакшына эле чеге турган жерде чегип чекбей турган жерде чегишбейт.
13.10.2021. 19:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Лаунж бар деген балээлери чыккан. Плюс тунку клубдар. Арак, пиво, кальяндын мекени. Балдар калып пиво менен аракка мас болгон кыздар, кальян чеккен кыздар... Олко келечеги жаштар дейбиз, а жаштарыбыз ушулар болсо... Ал эми ошондой жерлердин кожоюндары байлар, Ак уй, Кок уйдо отургандар же ошолордун тууган-туушканы. Ошого бийлик кормоксонго салып тийишпей отурат... Анан сойкуканага айланган мейманканалар, суточный квартиралар. Бийлик озу ошого шарт тузуп отурат, деградацияга жол салып.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: