super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Ошто күн сайын электр жарыгы өчүп жатат. Ушинтип үнөмдөп жатышабы?" дейт окурман

 

SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Ош шаарынын тургуну кайрылды. Анда ал аталган аймакта күн сайын электр жарыгы өчүп жатканын айтып, буга нааразы болду.

"Ош шаарында күн сайын электр жарыгы өчүрүлүп жатат. Ушинтип электр жарыгын үнөмдөп жатышабы? "Ош электр" ишканасынын WhatsApp номери иштеп, мурун жооп берип турушчу эле. Азыр жооп дагы беришпейт.

Ишкананын Инстаграм баракчасында күн сайын өчүрүлө турган аймактарды жазып коюшчу. Азыр тизмеде жок деле аймактар өчүрүлүп жатат.

Кээде эскертпей деле өчүрүп коюшат", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(4)
13.10.2021. 19:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Плановый ремонт деп алдап өчүрүп жатышат, күн ысыкта эшек такалаштыбы суук түшкөндө свет өчүрүп.
13.10.2021. 19:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кыргызсиандын бут аймактарында эле очуруп жатышат. Кундо болбосо да аралатып ара кундо. Жайы менен сууну сатып эми элди кыйнап отурат. Бишкекте го отопление бар экен. Айрым шаарларда отопление жок, ишенгени ток печке болгондор куурады суукта. Айрыкча жаш балалуулар, кары-картандар. Аларды бийликтеги кузгундар ойлоп отурабы, корунгон жактан тушуп жаткан арам байлыктарын саноо менен, бир-бирине атаандашуу менен убара алар...
13.10.2021. 21:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мурун очпойт эле эми калп эле ремонт демиш болуп кундо очурушот.
13.10.2021. 22:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ремонт эмес эле,кезек кезеги менен очуруп жатат...тезек тергиле деп айтпаса дагы,ошол созго жакын...суунун запасы жок болсо очуротда...кимге ишенишинди да билбейсин
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: