Чоң Алайда томолой жетим бала жер тилкесине ээ болду
Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн жашоочусу, турак-жайы жок жашы жете элек жетим бала Э.А. уулуна 15 сотых аянтындагы жер тилкеси берилди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.
Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн тургуну Э.А. уулу аттуу томолой жетим бала турак жайы менен кезексиз түрдө камсыз болбой, мыйзам талаптары бузулгандыгы аныкталган.
Мыйзамдарга ылайык, жетим балдарга, ошондой эле ата-эненин кароосунан ажыраган балдарга турак-жай же жер тилкелери кезексиз берилүүгө тийиш.
"Чоң-Алай райондук прокуратурасы тарабынан Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысына ченемдик укуктук актыларынын бузулуусун четтетүү жөнүндө сунуш келтирилген. Аны аткаруунун жыйынтыгында аталган айыл өкмөттүн токтому менен турак-жай куруу үчүн жашы жете элек жетим балага жер тилкеси бөлүнүп берилди", - деп жазылат билдирүүдө.




1 |