Ноокен РИИБиндеги убактылуу кармоочу жайдагы мыйзам бузуулар. Облустук милиция жооп берди
12-октябрь күнү Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Ноокен РИИБинин убактылуу кармоочу жайына мониторинг жүргүзүлгөн. Анда бир катар мыйзам бузуулар бар экенин айтып чыгышкан. Бул боюнча Жалал-Абад ОИИБи маалымат таратты.
Билдирүүгө ылайык, Ноокен РИИБинин убактылуу кармоочу жайында кармалып турган шектүүнүн өздүк делосу текшерилип, анын бөгөт коюу чарасы узартылган токтому жок деп белгиленген.
"Ноокен райондук сотунун судьясы тарабынан жогорудагы шектүүнүн тандалган камак түрүндөгү бөгөт коюу чарасы өзгөртүүсүз эки айга калтырылып, башкача айтканда, 5-декабрга чейинки мөөнөткө узартылып, токтом менен тескеме Ноокен райондук соту тарабынан 12-октябрь күнү саат 15:00дө Ноокен РИИБинин убактылуу кармоочу жайына берилип, өздүк делосуна тигилген.
Ал эми Ноокен РИИБинин убактылуу кармоочу жайындагы дары-дармектер боюнча коюлган кемчиликтер толугу менен жоюлду", - деп жазылат маалыматта.


